А.Масалиев айыл аймагы
Айыл өкмөтү боюнча кыскача маалымат.
Кыргыз Республикасынын Баткен областы Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев айыл өкмөтү 1996- жылы 13-майда түзүлгөн. Айыл өкмөттүн аталышы 1996- жылдан 2005- жылга чейин Кара-Дөбө айыл өкмөтү болуп, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 15-мартындагы №53 Мыйзамынын негизинде А.Масалиев айыл өкмөтү болуп өзгөртүлгөн.
А.Масалиев айыл Өкмөтү Кадамжай районун чыгыш жагынан орун алып, дениз дэнгээлинен 1100 метр бийиктикте жайланышкан. Түштүк жагы Майдан айыл өкмөтү, Түндүк жагы Өзбек Республикасы, Батыш жагы Майдан айыл өкмөтү, Чыгыш жагы Уч-коргон айыл өкмөттөрү менен чектешип турат. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 900км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 150 км алыстыкта жайгашкан. Кышы суук, январдагы орточо температура тегиздикте жана тоо этектеринде –2 –6, -6 –4 градус, тоолуу жерлерде –9 –10 градус, июлдагы орточо температура + 20 +30 градус. Жылдык орточо жаан чачын 200-500 мм.
А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн жалпы аянты 26837,8 кв.м гектарды түзөт.
А.Масалиев айыл айыл өкмөтү 11 айылдан турат, алар: Алыш, Өлагыш, Ташкоргон, Кара-Дөбө, Көн, Кожо, Какыр, Лесхоз, Какыр, Калача, Разъезд айылдары.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын 1-январына карата 5061 кожолук эл жашап, жалпы калкынын саны чарбалык китеп боюнча 25070 адамды түзөт, анын ичинен 12732 адамы эркектер, калган 12338 адамы аялдардан турат. Айыл өкмөттүн аймагында улуттар боюнча кыргыздар 11424 адам же 45,5 % түзөт.
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн карамагында билим берүү тармагы боюнча 9 мектеп жана 9 бала-бакча жайгашкан. Алар: Кара-Дөбө айылындагы З.М.Бобур атындагы орто мектеби, Алыш айылындагы Козубай атындагы орто мектеби, Өлагыш айылындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектеби, Ташкоргон айылындагы Амир Темур атындагы орто мектеби, Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто мектеби, Көн айылындагы А.Орозбеков атындагы орто мектеби, Какыр айылындагы А.Навои атындагы орто мектеби, Калача айылындагы Айни атындагы орто мектеби, Разъезд айылындагы Курбанов атындагы орто мектеби. Мектептерде жалпысынан 2023-2024-окуу жылында жалпы окуучулардын саны 4174 окуучу билим алып, 345 мугалим эмгектенген.
Ал эми балдар бакчасынан жалпысынан 9 бала-бакча жайгашкан, алар: Кара-Дөбө айылындагы “Нур” балдар бакчасы, Алыш айылындагы “Ак-Ниет” балдар бакчасы, Өлагыш айылындагы “Балажан-Өлагыш” балдар бакчасы, Какыр айылындагы “Жаш балапан” балдар бакчасы, Көн айылындагы “Алтын Уя” балдар бакчасы, Какыр айылындагы “Наристе” балдар бакчасы, Калача айылындагы “Колосок” балдар бакчасы, Разъезд айылындагы “Уч-Коргон-Келечек” балдар бакчасы, Кожо айылындагы “Ак пейил” балдар бакчасы. Бала бакчаларда 2024-жылда жалпысынан 732 бала тарбияланып, 120 кызматкер эмгектенген.
Саламаттыкты сактоо боюнча А.Масалиев айыл аймагында айылдын элинин саламаттыгын сактоо жаатында 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 ФАП айыл элине кызмат көрсөтүшөт.
Социалдык маданий обекттерден: - 1 маданият үйү, 24 мечит бар.
Айыл аймагынын калкын тейлөөдө: Айыл аймакта 2024-жылга карата 170 жеке ишкер ар түрдүү акылуу кызматтарды көрсөтүп ишмердүүлүк жүргүзөт (алар дүкөн, ашкана, АЗС, жеңил унаа кызматы, “Исфайрам” муниципалдык ишкана, почта, Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационар мекемеси, бетон чыгаруучу ишкана, ПМК ишканасы, Улар Аква ЖЧКсы, Пиллорама, айыл өкмөтүнүн кампасы, скважина, мал базар, аптека, агро аптека, унаа жуучу жайлар желимдөө, логистикалык борбор, желим куту чыгаруучу жай, АО Сельхозхимия, АО Сельхозремонт, АО Кадамжай айыл көмөк, АО СРМ, тамеки завод ТФЗ, акча алмаштыруучу жай, кампа, өрт өчүрүүчү жайдын имараты) 5 мончо элдин кызматында. Таза-суу менен 11 айылдан 5 айылы таза суу түтүкчөлөрү менен 18% айыл эли таза суу менен камсыз болгон.
Миграциялык абал 2023-жылда 517 адамды түзгөн анын ичинен; эркектер 485, аялдар 32, сыртка кеткен мигранттар 498 адам, ички мигранттар 19 адамды, ал эми 2024-жылда 655 адамды түзгөн анын ичинен; эркектер 433, аялдар 222, сыртка кеткен мигранттар 502 адам, ички мигранттар 153 адамды түзгөн.
