Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
28.05.2026, 16:00
1
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
28.05.2026-ж. Кара-Дөбө айылы
Жыйындын төрагасы:
К.Мамажанов -А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы;
Жыйындын катчысы:
К.Сатарова -айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
Жыйынга катышкандар:
Аппарат кызматкерлери, айыл башчылар.
Күн тартиби:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1- жана 4-беренелеринде белгиленген мамлекеттик түзүлүштүн принциптерин жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын коррупцияга шарт түзгөн аракеттерине (аракетсиздигине) тыюу салуу боюнча конституциялык талаптарды аппарат кызматкерлерине жеткирүү.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Этика кодексинин жаңыланган редакциясынын талаптарын жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан сунушталган «Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик-укуктук актылар» окуу-усулдук колдонмосун тааныштыруу.
- Айыл өкмөтүнүн аппаратында эмгек тартибин, иштиктүү кийүү стилин (дресс-код) сактоо жана жарандарды кабыл алууда сылыктык нормаларын күчөтүү.
Угулду:
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы – К.Мамажанов – урматтуу кызматкерлер жүрүм-турум жана мыйзамдуулукту сактоо калктын бийликке болгон ишенимин аныктай турганын жакшы билесиздер. Конституциясынын 4-беренеси менен жакшылап таанышып чыксаңыздар анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга шарт түзгөн кандай гана аракеттери болбосун түз өлкөнүн Баш мыйзамы тарабынан тыюу салынары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, Баткен облустук аппараты тарабынан иштелип чыккан коррупцияга каршы усулдук колдонмолордун негизинде айыл өкмөтүндө кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө, тааныш-билиштикке, тууганчылыкка карап кызматтык абалды кыянаттык менен пайдаланбоо жагын эскертемин.
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатарова - Этика кодексинин негизги ченемдерин окуп берди. Ал аппарат кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү классикалык иштиктүү стилде болушу керектигин, жумуш убагында спорт кийимдерин кийүүгө жана имарат ичинде тамеки тартууга жол берилбей турганын эскертти. Жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында чечип, оройлукка жана коркутуп-үркүтүүлөргө жол берген кызматкерлерге катуу тартиптик жазалар (сөгүш берүү, жумуштан бошотуу) колдонуларын билдирди жана атайын иштеп чыккан эскертмеге кол койдуруп тааныштырды.
Күн тартибиндеги маселени угуп жогорудагы айтылган сунуштардын негизинде жыйын
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коррупцияга каршы талаптары жана Баткен облустук аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча усулдук колдонмосунун жоболору айыл өкмөтүнүн бүткүл аппарат кызматкерлери тарабынан жетекчиликке алынсын жана кемчиликсиз аткарылсын.
- Ар бир аппарат кызматкери өзүнүн күнүмдүк ишинде иштиктүү кийинүү стилин (дресс-код) сактоого жана айыл тургундарына сылык, кичи пейил мамиле жасоого милдеттендирилсин.
- Бүгүнкү жыйында айтылган Эскертме жана Этика кодексинин тексти менен таанышкандыгы тууралуу ар бир кызматкер атайын Таанышуу баракчасына (кол коюу баракчасы) өз колун койсун. Кол коюлган баракча ушул Протоколго тиркелсин.
- Протоколдук тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатаровага жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы К.Мамажанов
Жыйындын катчысы К.Сатарова