Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
21.01.2026, 15:00
4
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
21.01.2026-ж. №_____ Кара-Дөбө айылы
Жыйындын төрагасы:
К.Мамажанов -А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы;
Жыйындын катчысы:
А.Турдалиева -айыл өкмөтүнүн иш жүргүзүүчүсү.
Жыйынга катышкандар:
Аппарат кызматкерлери, муниципалдык ишкананын директору Б.Айтбаев.
Күн тартибиндеги маселелер:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлоо объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана богот коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткаруу жөнүндө.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу жөнүндө.
- Аткезчиликтин алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө.
Угулду:
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажанов – урматтуу кызматкерлер, баарыңыздарга тиешелүү жакшылап угуп, бул боюнча ишти таштап койбой алып барыңыздар. Азыркы учурда мыйзамсыз курулуш кургандар көбөйүп бара жатат. Президентибиз тарабынан мунапыс берди, бирок 1-январдан баштап кимде ким өз башынча мыйзамсыз курулуш куруп алгандарга чара көрүлөт. Жакшылап ар бир айылда түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр. Чоң автоунаа жолунун четиндеги соода дүкөндөрү, тамактануучу жайлардын да ээлерине эскертүү бериңиздер “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлоо объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана богот коюу боюнча чаралар жөнүндө” ушул жарлыктын негизинде чаралар көрүлөрү эскертилсин.
Аймактагы айылдарда ички көчөлөрдү да тарытып жолго чейин чыгып дарак эгип, дубалдарды куруп алышкан жарандар бар, ар бир айылга комиссия түзөбүз ар бирине эскертүүлөрдү берсеңиздер, көчөлөр таза турса аймак таза болот. “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлык боюнча түшүндүрүп чыгыңыздар.
Кийинки маселе азыркы учурда мамлекет коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөткөн заман. Азыр кимде ким коррупция менен кармалса мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салынарын билесиздер. Бул боюнча соцсеттерде, маалымат булактарында айтылып эле келе жатат. Өзүбүз, бир туугандарыбызды бул кылмыштан сактоо өзүбүздүн колубузда. Акча менен эле коррупция жасалбайт, кызматтык орунду кыянаттык менен пайдалануу да коррупцияга кирип кетет. Ошондуктан кесиптештер баарыңыздар мыйзамдарды окуп жакшылап таанышып чыгыңыздар жана бул жолго барбашыңыздарды эскертемин.
Биз чек арага жакын жайгашкан аймактардын катарындабыз, биздин 5 айыл Өзбекстан чек арасы менен чектешет. Азыркы өтө орчундуу маселе чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүү. Бул маселени токтотуу жана алдын алуу үчүн биринчи кезекте айылдардагы тургундарга түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзсөңүздөр урматтуу айыл башчылар. Оңой акча табуу жолу менен эркинен ажырап калуу коркунучу бар экендиги боюнча каттуу эскертип, түшүндүрүү иштерин күчөтүңүздөр.
Чыгып сүйлөгөндөр:
Турдалиев Мамасалы айыл өкмөтүнүн жер адиси – баарыбыз мыйзамды сыйлап КР Жер Кодексинде көрсөтүлгөн талаптарды туура пайдаланып, жерлерди өз багытында пайдалансак, мыйзам бузуулар катталбайт. Бирок кээ бир адамдар өз билемдик менен курулуштарды куруп, жол жээгине ашыкча жерлерди ээлеп чыгып алышкан. Баарыңыздарга белгилүү мыйзамсыз курулуштарды куруп алгандарга айып пул салынып, чара көрүлөт. Азыркы бардыгыбыздын көйгөйүбүз.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап жыйын
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлоо объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана богот коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгын аткаруу жагы жер адисине жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу жагы жер адисине жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
- Аймакта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга жүктөлсүн.
- Аткезчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.
- Чечимдин ар бир пункту боюнча иш алып баруу жагы жер адиси жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы К.Мамажанов
Жыйындын катчысы А.Турдалиева
Протоколдук чечим менен тааныштым: К.Сатарова
М.Исажанов
А.Юнусалиев
Н.Пакиров
М.Турдалиев
М.Орозбаева
А.Авакирова
А.Мамажанов
А.Холматов
Б.Шарафидин кызы
С.Исамидинов
А.Махмутов
Н.Сатывалдиев
Х.Кадиров
С.Токтобаев
А.Юнусов
Б.Айтбаев
Б.Бекбатаев