Жаңылыктар
28.01.2026, 15:00
5
2026-жылдын 28-январь күнү А.Масалиев айылдык кеңешинин (VIII чакырылышы) кезектеги 18-сессиясы болуп өттү.
Сессиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча отчету.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
3. Айыл өкмөт алдында түзүлгөн “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету.
4. Айыл өкмөт алдында түзүлгөн “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын бюджетин жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.
5. “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын карамагындагы техникалардын элге кызмат көрсөтүүдө бааларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө.
6. А.Масалиев айыл аймагында муниципалдык кызматтарды көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө.
7. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.
8. Жайыт комитетин ишмердүүлүк милдетин “Исфайрам” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
9. А.Масалиев айыл өкмөт аймагында трансформатор орнотууга жер аянтын ажыратууга жана электр мамычаларын тартууга макулдук берүү жөнүндө.
10. Кара– Дөбө айылынын Көкө участкасындагы Токтогул Сатылганов атындагы көчөнү Узаков Сражидин атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө.
11. Ар түрдүү маселелер
Сессиянын жүрүшүндө жогорудагы маселелер талкууланып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.





