Жаңылыктар

А.Масалиев айыл аймагында 3-декабрь Эл аралык Майыптар күнү белгиленди
А.Масалиев айыл аймагында 3-декабрь Эл аралык Майыптар күнү белгиленди
Датасы
Кароолор

1

Бүгүн 2025-жылдын 3-декабрында А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асанович, орун басары Исаков Жаныбек Маматович, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Айтматов Мирлан Мусаевич, Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Махабат Абдыкадырова жана айыл өкмөт кызматкерлеринин катышуусунда майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү жана инклюзивдүү саясатты чыңдоо боюнча маанилүү ойлор айтылды.