Жаңылыктар
15.01.2026, 15:00
17
Бүгүн 2026-жылдын 15-январь күнү айыл өкмөт башчы К.Мамажанов аппарат кызматкерлери менен биргеликте Алыш, Өлагыш, Ташкоргон айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө тургундардын сунуш-пикирлери угулуп, көтөрүлгөн суроолор боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.
Айыл эли тарабынан айтылган сунуштар эске алынып, алдыдагы иштер боюнча 2026-жылга карата бекитилүүчү бюджетке айылдагы көйгөйлүү айыл өкмөтү тарабынан чечилүүчү конкреттүү тапшырмалар белгиленди. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин өздөрү иш алып барган тармактары боюнча түшүндүрмө берип өтүштү: Санарип аймак, түндүк программасы, турак жайларды камсыздандыруу, салык төлөмдөрү боюнча, социалдык жөлөк пулдарды алуу, пенсияга чыгууга керектелүүчү документтер боюнча, жер маселелери боюнча.
Айылдын өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бийлик менен элдин биргелешкен аракеттери мындан ары да улантылат.








