Жаңылыктар
25.12.2025, 09:00
25
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы З.М.Бобур атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди
2025-жылдын 25-декабрында А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылында жайгашкан З.М.Бобур атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун онлайн катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исаков Жаныбек Маматовичтин, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Айтматов Мирлан Мусаевичтин, ошондой эле Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исраилов Нурланбек Аслановичтин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.
Жаңы мектептин жалпы аймагы 8190 м², имараттын жалпы аянты 1734 м² болуп, 225 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бул билим берүү мекемесинде 43 мугалим эмгектенип, 485 окуучу билим алууда.
Курулуш иштери Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, тендер 85 000 000 сомго жарыяланган. Анын жыйынтыгында «Сапат Стандарт» ЖЧКсы 75 985 000 сом менен жеңүүчү деп табылып, курулуш иштери 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 25-декабрында толук пайдаланууга берилди. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Жаңы мектептин ачылышы Кара-Дөбө айылынын жана жалпы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн чоң кубаныч болуп, өскөн муунга сапаттуу билим берүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.








