Жаңылыктар

А.Масалиев айыл өкмөтүндө ички ирригация боюнча жыйын өттү
А.Масалиев айыл өкмөтүндө ички ирригация боюнча жыйын өттү
Датасы
Кароолор

5

А.Масалиев айыл өкмөтүндө ички ирригация боюнча жыйын өттү

Бүгүн 2025-жылдын 1-декабрында А.Масалиев айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы К.Мамажанов ички ирригация тармагында иш алып барган суучулар менен жыйын өткөрдү. Жыйында быйылкы жылдагы сугат мезгилине даярдык жана канча километр арык тазаланып, канча арыктар чабылары боюнча кеңири талкуу жүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө:
- Айыл аймагындагы негизги жана чакан арыктарды инвентаризациялоо;
- Тазалоо иштерин календардык планга киргизүү;
- Арыктарды чабуунун так көлөмдөрүн жана аткаруучуларды белгилөө;
-Сугат суусун өз убагында жеткирүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маселелери каралды.

Өкмөт башчы суучуларга:
- иштерди сапаттуу жүргүзүү,
- графикти так сактоо,
- арык жана каналдарды бөлүштүрүүдө элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү
зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында быйылкы сезонго карата арык тазалоо жана арыктарды чабуу боюнча алдын ала план түзүү, тактоо иштери жакынкы күндөрү аяктап иш алып баруу жагы колго алынары айтылды.