Жаңылыктар

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлк ижарага берилет.
Датасы
Кароолор

2

А. Масалиев айыл өкмөтү ишкерлерди жана кызыкдар тараптарды муниципалдык менчиктеги Желим куту (Корзинка) чыгаруучу ишкананы ижарага алуу боюнча конкурска катышууга чакырат.

Бул объект айыл аймагындагы өндүрүштү жандандыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калкка кызмат көрсөтүү максатында ижарага берилет.

Объект тууралуу маалымат:

Аталышы: Желим куту (Корзинка) чыгаруучу ишкана.

Жайгашкан жери: Кадамжай району, А. Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо айылы. 

Максаты: Өндүрүш тармагы.

Ижарага алуучуга коюлган талаптар:

Ижара акысын өз убагында төлөө.

Имаратты жана жабдыктарды максаттуу пайдалануу жана сактоо.

Жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү (артыкчылык берилет).

Өрт коопсуздугу жана санитардык нормаларды сактоо.

Катышуу үчүн керектүү документтер:

Жеке ишкердин же юридикалык жактын каттоосу тууралуу күбөлүк.

Паспорттун көчүрмөсү.

Ишкердик план. 

Желим куту (корзинка) чыгаруучу ишкана көз карандысыз баалоочу тарабынан айына 40 000 (кырк миң) сом ижара акысы бааланган.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 10-июнга чейин. Дарегибиз: А. Масалиев айыл өкмөтүнүн имараты.

Кошумча маалымат жана суроолор үчүн байланыш телефондору: 📞 0(221) 15-01-75 📞 0(778) 00-90-95