Вакансиялар
05.03.2026, 17:50
263
Акыркы күн 13.03.2026
Квалификациялык талаптар
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын башкы, улук топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт:
I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1).Кесиптик билимдин деңгээли: - жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча
2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3). ЧУАнын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1).Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча
2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) ЧУАнын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
- «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).
Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
-өздүк арыз;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;
-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;
-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);
-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
-жарандык паспорт (көчүрмөсү);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги:Баткен областы, Кадамжай району, Кара-Дөбө айылы, А.Ишматов көчөсү -12.
сурап билүү үчүн телефон номер: 0771 82 09 72