Жарандардын кайрылууларын кароо
Айыл өкмөтү жарандардын сунуш-пикирлерин, арыздарын жана даттанууларын кабыл алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.
Кайрылууну берүү тартиби
Жарандар айыл өкмөтүнө төмөнкү ыкмалар аркылуу кайрыла алышат:
• веб-сайт аркылуу электрондук кайрылуу жөнөтүү;
• жазуу жүзүндө (кагаз түрүндө);
• жеке кабыл алуу учурунда;
• электрондук почта аркылуу.
Электрондук кайрылууда көрсөтүлүүгө тийиш:
• жарандардын аты-жөнү;
• жашаган дареги;
• байланыш телефону же электрондук почта дареги;
• кайрылуунун мазмуну (арыз, сунуш же даттануу).
Анонимдүү кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык каралбайт.
Кайрылууларды кароо мөөнөтү
Жарандардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык:
• жалпы тартипте – 14 жумушчу күндүн ичинде;
• кошумча текшерүүнү талап кылган учурда – 30 күнгө чейин каралат.
Жооп берүү тартиби
Кайрылуунун жыйынтыгы боюнча жооп:
• жазуу жүзүндө;
• же электрондук түрдө (кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарекке) жөнөтүлөт.
Жооптуу бөлүм
Жарандардын кайрылууларын каттоо жана көзөмөлдөө
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы жана иш жүргүзүүчү адис тарабынан жүргүзүлөт.
📞 Байланыш телефону: 0771 82 09 72, 0552 51 56 76
📧 Электрондук почта: masaliev_ao@inbox.ru
🕘 Иш убактысы: Дүйшөмбү – Жума, 09:00–18:00